Жалал-Абадда 18 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектелип, эки жаран кармалды. Шектелип кармалгандардын бири 17 жаштагы кыз. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-ноябрь күнү саат 11:30 чамасында Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникалык ооруканасынын дарыгери 18 жаштагы жаранга белгисиз адамдар учтуу нерсе менен ич жагына сайып, денесине жараат келтиргендигин, жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы боюнча милицияга кабар берген.
Жабырлануучуга операция жасалып, ал денесинен алган жараатынан улам өзүнө келбей каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Маркум Сузак районунун тургуну 2001-жылы туулган К.Т. аттуу жаран болгон. Окуя өспүрүмдөрдүн өз ара келишпестигинен улам келип чыккан.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 19 жаштагы тургуну У.Д. жана Сузак районунун 17 жаштагы тургуну Н.А. аттуу кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.