Ысык-Көлдөгү 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Айдоочу 8 жылга эркинен ажыратылды

Ысык-Көл облусундагы Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча BMW-Х5 унаасынын айдоочусу 41 жаштагы аял күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечимди Ысык-Көл райондук соту бүгүн, 5-декабрда чыгарды. Анда айыпталуучуга эки берене менен күнөө коюлган.

Окуянын чоо-жайы:

30-августта саат 17:35 чамасында Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда BMW-Х5 унаасы менен BMW-523 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен BMW-523 унаасында келе жаткан айдоочу менен төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерден мерт кетишкен. Алардын арасында 1 жаштагы наристе да бар болгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aimani
2019-12-05 18:14:45
Беш адамдын өмүрүн 8эле жылга бааладыбы соттор. Тем более бул аял мас болсо керек эле
+9
bond02
2019-12-05 18:28:46
Ар бир адам учун 8 жылдан бербейсинерби.
+12
titanik32
2019-12-05 19:09:32
Ушул 5 адамды өлтүргөн канкорго 8 жыл бердиңерби соттор?сот болбой эле хххх болупсуңар.5 адамдын өлүмүнө мас болуп алып күнөөкөр болгон орусту 8 жылга сотто бул акмакчылык.Жок дегенде 80 жылга кессеңер да аздык кылат.Ушул кыргыз болгондо 20 жылдан ашык кесет элеңер акмак соттор,орус болгон үчүн коркуп 8 жылга кесипсиңер.Соттор акмаксыңар...
+11
Muslim.azamatovich
2019-12-05 21:44:49
Аран эле 8 жылбы,,,,беш адамдын канча деген жакындарынан айырды бул акмак ичип алып,анан аран 8 жыл бердинерби,,,?биздин судья имиштерде уят деле жок,,кара бет болуп калышкан ,,,,эмнеге адилеттуулук жок биздин олкодо
+7
Aiperi-17
2019-12-06 01:05:29
5 адамдын ар биринин өлүмү үчүн 2 жылданда туура келбейтко 5 адамдын өмүрүн алган окуяга өмүр бою эркинен ажыратыш керек эле
+4
aslonur
2019-12-06 08:42:34
Наалат ушулар баарына, сотуна да башкасына да
+3
aiba_00
2019-12-06 14:37:57
Акчаны олоорчо чачты да, Бишкекте тактай (Лес) сатат турбайбы, 8 жыл да жатпайт бул, сот буткондон кийин эле чыгат. 5 киши олуп атса Сизого эмес больницага 2 ай жаткызып коюшту анан иштин буткону да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан