Жалал-Абадда 19 жаштагы сатуучуну бычак менен коркутуп, акча талап кылган жаран кармалды

Жалал-Абад шаарындагы дарыкананын сатуучусунун мойнуна бычак такап, акча талап кылган жаран кармалды. Шектүүнүн бир нече уурулук иштерине катыштыгы бар экендиги аныкталганын облустук Ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынан билдирди.

"15-ноябрда саат 20:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын бирине медициналык маска тагынган болжол менен 20-25 жаштагы 2 жаран кирген. Алар сатуучуну коркутушуп, мойнуна бычак такап, кассада турган 15 миң сом накталай акчасын алып чыгып, белгисиз тарапка изин жашырышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИБине Сузак районунун 2000-жылы туулган К.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында, шектүү катары Сузак районунун 1997-жылы туулган М.Ф. аттуу тургуну Ош шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен кармалган. Кошумча тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Жалал-Абад шаарынын аймагында 11-17-ноябрь аралыгында 4 уурулук жасагандыгы аныкталган. Ал бул иштерди өзүнүн шериги Сузак районунун тургуну 1976-жылы туулган М.М. менен бирге жасагандыгы боюнча көрсөтмө берген", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан