Чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандары эми консулдук каттоо жеңилдетилди. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, консулдук каттоого туруу үчүн эми акы алынбайт.
25-ноябрда өкмөттүн Кыргыз жарандарын консулдук каттоого алуу жана чыгаруу боюнча "Консулдук каттоо" системин колдонуу боюнча токтом кабыл алган.
Токтомго ылайык, эми чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандары консулдук кызматка документтерди онлайн же электрондук кат аркылуу жибере алышат.