ЭЛДИК КАБАР: "Ювентус" футбол клубунун оюнчулары Италияда дарыланып жаткан кыргыз жигитинен кабар алышты", - дейт окурман

"Элдик кабар" бөлүмүнө Италияда жүргөн мекендештерден кат келди.

"Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүндөгү Ак-Шаар айылынын тургуну Бактыбек Абдырахманов учурда Италиянын Турин шаарында баласын дарылатып жүрөт. 5-декабрь күнү Турин шаарына "Ювентус" футбол клубунун оюнчулары келип, баласына белектерди берип, кабар алып кетишти. Караңыздарчы, кайдыгер карабастан белгилүү футбол жылдыздары атайын келип кабар алып жатышат. Өзүбүздүн аткаминерлердин болсо иши да жок. Бул маалымат биздин аткаминерлер үчүн сабак болсун", - дейт Алмаз аттуу окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

"Ювентус" клубунун оюнчулары кыргыз жигитинен кабар алышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gute
2019-12-07 12:54:15
Азаматсын Джорджо Кьеллини!
Биздин аткаминерлер бош эмес алар эптеп кайсыл жерден акча жей койсом деп ойлонуп журушкон маалы
+6
Dembele84
2019-12-07 13:23:00
Ювентустун оюнчулары Келли десе ойлопмун беш алтоо келген бейм деп,Кьелини озу эле турбайбы.Эмнеси болсо да тузук,адамгерчиликтуу защитник экен,молодец
+6
murat17
2019-12-07 23:05:27
Кьелини азаматсын
-1
Daniel01
2019-12-08 13:34:37
Кимдин келини экен
-1
Jelezo
2019-12-08 20:52:59
Атка минерлерге эле сын айтып калдык озубузчу озубуз жакшы жашаганга аракет кылгандарга жаман комментарий жазып коро албастык менен эле алпурушуп калдык качан бир бирибизди мактап жакшы тилек айтабыз урматуу кыргыздарым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан