Кыргыз жигити орусиялык актрисанын "жан сакчысы" болду

Кыргыз жигити Санжар Медетов орусиялык "Өлүмгө жеткирген иллюзиялар" ("Смертельные иллюзии") триллерине тартылды. Бул тууралуу актёр SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен "Өлүмгө жеткирген иллюзиялар" триллеринде баш каарман Иринанын (Марина Петренко) жан сакчысынын ролун жараттым. Мени менен кошо тасмага белгилүү орусиялык актёрлор Андрей Бурковский, Данила Якушев, Алексей Кравченко, Марина Петренко, Александр Галибин жана башкалар тартылышты. Сюжет боюнча тасмада белгилүү көз боёмочу бир туугандар Романовдордун окуясы баяндалат. Тасманын бет ачары 2020-жылдын жай айларына пландалууда. Бул тасмадан соң башка режиссёрлордон да сунуш түшүп жатат ", - дейт ал.

2011-жылы эл катары Москвага иштөөгө кетип, учурда орусиялык тасма тасмаларга тартылып жүргөн мекендешибиз Санжар Медетов тууралуу кенен маалымат окугуңуз келсе, бул шилтемени басыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Wibee
2019-12-07 17:41:46
Кичине эле бир нерсе үчүн мактанасынар
+9
Wibee
2019-12-07 17:46:06
Триилейинде эмес трейлеринде болот супер инфонун сабатсыздары
+16
Гүлжамал Абылкасымова
2019-12-07 17:59:06
Wibee, сиз абал триллер менен трейлер деген сөздү айырмалап билип алсаңыз сонун болмок.
+17
Mister-X
2019-12-07 18:00:05
Wibee,Триллер менен трейлер дегендин мааниси башка тууганым.
+7
arnal78
2019-12-07 18:39:30
Wibee,Трейлер эмес триллер.Трейлер фильмдин кыска,кызыктуу болукторунон куралган рекламалык ролиги.
+6
PROS
2019-12-08 11:26:01
Wibee,өзүң сабатсыз болсоң эле башкаларды да сабатсыз ойлобо тууганым!
Триллер деген бул "фильм" или "китеп" с детективным сюжетом.
Трейлер деген бул фильмден үзүндү. Супердин сабатсыздары деле бар экени чын бирок бул эмес!!!
+2
Kona8631
2019-12-07 18:03:43
Мен да мактана кетсемби...
-3
rysik79
2019-12-07 18:18:03
Фоанкфурт- на - майне маяня дегендей эле соз. Аман болгула
+1
bond02
2019-12-07 20:00:51
Аа ошол элеби, мен да телохранитель болуп жумушка кирген экен деп ойлопмун.
+4
PatriotKG01
2019-12-08 02:22:01
ТРИЛЛЕР-кино жанры,ТРЕЙЛЕР-кинонун кыскача ролиги
+3
aslonur
2019-12-08 08:45:32
Бул жигит Кравченконун Жан сакчысы болдум деп мен супер маркетте охрана болуп иштечумун деп айткан элего суперге
+2
Tyty1990
2019-12-08 10:51:15
Макул Азамат деп коюш кыйынбы силерге? Триллер трейлер деп талашып өзүңөрдү акылдуу сезесинер. Кыргыз неге өнүкпөйт силерге окшоп өзүн кыйын сезип, оозунан жакшы сөз чыкпаган мадырабаштардын көптүгүнөн өнүкпөйт.
+9
Taalajbekakkya
2019-12-08 11:23:42
Селфи кыла берип актерлорду жадатпасан болду тууган.ха ха
+3
suban78
2019-12-08 19:53:56
Ийгилик коштосун. Кана эми баардык эле кыргыздар курулуштарда эле иштеп журо бербей Орусиянын жакшы ишканаларында иштешип ийгиликке жетишишсе. Орусияда жургондорго да жуксун ийгилигин.
+2
arimaz89
2019-12-10 12:30:25
Ийгилик! "Каралар жалаң гана кара жумушта иштейт" деген пикирди өзгөртүп, ушинтип өсө бергиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан