Ырчы KG Элмураттын "Караба" аттуу ыры казак тилине которулду. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"1 ай мурун казакстандык ырчы Назар Смагул "Караба" деген ырыңызды которуп ырдайын" деп суранган. Бөтөн элдин ырчысы ырымды сурап жатса, кантип баш тартмак элем? Уруксат бергем. Жакында гана "Катайып карама" деп которуп ырдап чыкты. Башка тилде болгону үчүн кулагыма башкача угулду. Бирок казакча варианты да жакты. Назар менен мындан ары да тыгыз иштешели деп макулдаштык", - дейт ал.