Кечээ, 8-декабрь күнү 19:30 чамасында кубаттуулугу күчтүү токко урунган аскердик бөлүктүн радиотелефонисти, ефрейтор Ш.у.А. каза болду. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 4-декабрь күнү аскердик бөлүктүн радиотелефонисти, ефрейтор Ш.у.А. полигондо машыгуу сабагынан кайтып келе жатып, кубаттуулугу күчтүү токко урунган. Бул окуядан улам начар көзөмөл үчүн Гүлчөдөгү №92843 аскердик бөлүктүн жана 8-гвардиялык дивизиянын командирлери кызматынан бошотулган. Дарыгерлер тарабынан керектүү жардам көрсөтүлгөн, бирок реанимациялык иш-чаралар жыйынтыгын берген эмес.