Биз социалдык тармакта

Сокулук РИИБинин жол кырсыгына кабылган жетекчиси кызматынан убактылуу бошотулду

7-декабрда Бишкек-Торугарт жолунда автокырсыкка кабылган Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков кызматынан убактылуу бошотулду. Маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.

"Максат Чойбеков катышкан жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бул окуяны толук жана объективдүү иликтөө үчүн чогултулган материалдар Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлдү. Ал эми Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков тергөө аяктаганга чейин кызматынан четтетилди.

Тийиштүү медициналык, соттук жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда. Бул факты Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө", - деп билдирди маалымат кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

7-декабрда Бишкек-Торугарт жолунда Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков өзүнө тиешелүү Мерседес-Бенц автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, каршы келе жаткан Мерседес-Спринтер жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Натыйжада жүк ташуучу унаанын айдоочусу Кант шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат.
Андан тышкары, Максат Чойбеков аталган ооруканага кайрылып, амбулатордук түрдө дарыланып кеткен.

Жол кырсыгына кабылган РИИБ башчысы кызматынан бошотулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2019-12-09 09:41:09
туура болуптур тергоо реалдуу чыгат деп умут кылабыз
+3
Jaznura
2019-12-09 09:42:17
Эң туура кылмыш иши ачылган ар бир мамлекеттик кызматкер кылмыш иши ачылган убакта убактылуу кызматтан четтеп турушу зарыл.
+2
chake
2019-12-09 09:45:40
жол эрежесин ким бузган болсо адилет чечим чыгаруу туура болуптур
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан