"Мен 20 жыл өлкөгө салым кошуп эмгектендим". Кикбоксинг боюнча 3 жолку Дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков президентке үй жана стипендия сурап кайрылды

Белгилүү спортчу, кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиону жана Азия чемпиону Авазбек Аманбеков өлкө башчысына кайрылды.

Кайрылуусун спортчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Ал өз сөзүндө, 20 жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиретип көптөгөн беделдүү мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп келгендигин, бирок анын эмгеги мамлекет тарабынан бааланбай жатканын баса белгилеген.

Ошондой эле ал "Жогору жактан менин сөзүмдү сүйлөп, жеңишимди жеткире айтып турган, ак көйнөк кийген, галстукчан агам, байке-тайкем болбогон соң, "алма быш, оозума түш", деп жата бербей демилгени өз колума алып, өзүм эле айтайын деп чечтим. "Улуттук", "олимпиадалык", "олимпиадалык эмес" деп бөлүп жарбастан, мээнет бар жерде, ийгилик бар демекчи, жасалган мээнетимди баалап, көңүлүмдү алар деген үмүт менен бул кайрылууну жасадым", - деп билдирген.

Авазбек Аманбеков Азия оюндарынын, Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү. Ушул жылы 36 күндүн ичинде кикбоксинг боюнча эки Дүйнө чемпиондугуна катышып, экөөндө тең алтын медаль тагынган.

Кикбоксчу Авазбек Аманбеков президентке кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Mirlan27011987
2019-12-09 11:03:54
Ушул Сокенин эч элге пайдасы жок. Соке бийлике курулай мактоо менен келгенин баарыбыз билебиз. Сооронбай алгачкы эки жылын жалаң өзүн реклама кылуу менен өткөн. Азыр кылган реформасы ушул. Трайбализмди бутуна тургузду. ММКда чулдурап суйлогонду реформа деп түшүнүп алган окшойт. Мактап - ###### алып келгендер айтып койгула, ак иштесин
+10
Juni1
2019-12-09 11:14:22
Mirlan27011987, ак уйго барып айт ушул создорунду, телевидение чакыр
+13
Absamat-90
2019-12-09 12:14:51
Mirlan27011987,20 жылдан бери эмгек кылып келе жатса эмнеге мурунку президенттерге кайрылган жок,керек болсо 45 жыл билим беруу тармагында иштеп келегендер бар, бир тыйын сурабай эле эл учун иштеп жатат.
+10
Jaznura
2019-12-09 12:32:45
Mirlan27011987, Сооронбай Жээнбековдун буга чейинки эмгектерди баалабай койгонун көрдүңөрбү? Айсулууну кандай сыйлашты.
-5
nurbek56
2019-12-09 11:27:52
Уят эле офицер экен колу бутун соо ден-соолугун чын АК эмгекке эмне жетсин иштеп озун кыл да. Мен 1-чи группадагы инвалидмин эки бутум иштебейт канча кайрылдым бийликке пайда жок андан коро элге уят болгондон коро аракетинди корсон болмок жолдош старший лейтенант.
+13
kirgizstan
2019-12-09 11:34:57
nurbek56, Анын эмнеси уят. Ошол эмгек мээнети кыргызстандын желегин желбиретип жатпайбы?
+3
bond02
2019-12-09 11:48:19
Уй берет же дагы бир жылдыз берет да погонуна, ушунча болуп калды.
+4
Islambek123
2019-12-09 12:00:24
Иштей бер мушташа бер, анан бир жагы болор ийкилик.
+12
robot111
2019-12-09 13:12:52
Олко учун кылган ишин милдет кылбасын колбуту барбы сатып алсын
-3
Baihan07
2019-12-09 14:14:56
Уят ко ачык эле сураганың, эмгек кылсаң өзүң үчүн доске, базар жок Кыргызстандын желегин желбиретип дүйнөгө тааныткан адам катары сыйлайм бирок квартира анан стипендия ашопко болуп калат го, сага окшоп желбиреткен мекендештерибиз абдан көп, мисалы Тайсон, Абдибаит уулу сыяктуулар,андан көрө ак эмгек кыл бийликке жүгуңдү артпай. Ийгилик!
+1
Nur777
2019-12-09 20:15:33
Борончу байкеге окшош экен кебетеси)
-1
Nur777
2019-12-09 20:19:33
Аракет кылсан берекет,бирок бийликтен бир майнап чыгаарына козум жетпейт.
+1
555-777
2019-12-09 20:28:08
Ушул сөзүнөн кийин мунун мындай сыйлыктарга татыксыз экенин далилдеди. Ушинтип үйдү тилемчиго окшоп, тиленип атып алгандан көрө, ак эмгегиң менен эле иштеп алсаң боло өзүңдү пиарлабай. Всё бүттү сен не достоинсиң.
-1
namys
2019-12-10 00:57:30
Урматту комменттаторлор. Биринчиден Авазбеке эч кандай туугандыгым жок.
Экинчиден уй болосун туугандарын тааныйм.
Ата-энеси ото жонокой жана жупуну жашайт.
УРМАТТУУ журналистер каалагандар болсо, Авазбектин уйуно барып материал даярдап келсенер сооп болмок. Авазбек Аллах сага жардамчы, колдоочу болсун.
УРМАТТУУ журт атасы колдоп койнуз
Балдары ото тарбиялуу жана ыймандуу.
+3
TIMON_BERKOWITZ
2019-12-10 09:23:13
Уят эле..
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан