Бишкекте кеңсе товарларын саткан соода дүкөнүндө өрт чыкты

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндөгү "Байчечекей" соода комплексиндеги кеңсе товарларын саткан дүкөндөн өрт чыкты. Окуя кечээ, 8-декабрда таңкы саат 05:01де чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиргендей, өрттөн жабыркагандар жок.

"Өрт таңкы саат 05:01де чыккан. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барып, саат 05:25те өрттү чектөөгө алып, саат 06:23тө толугу менен өчүрүшкөн. Өрттүн кесепетинен дүкөндүн 155 чарчы метри, текчелери жана товарлар күйгөн. Жабыркагандар жок", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Бишкектеги "Байчечекей" дүкөнүндө өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан