БеспределKG баракчасынын администратору Автандил Жоробеков Аскер прокуратурасына күбө катары чакыртылды. Маалыматты Жоробековдун бир тууганы тастыктап, жактоочу менен бара турганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы Жоробековду бүгүн, 9-декабрь күнү саат 16:00гө чакырган.
Буга чейин аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактын активдүү колдонуучусу кармалганын УКМК билдирген. Кармалган жаран БеспределKG баракчасынын администратору Автандил Жоробеков болгон. Ал 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алынган. Ал эми 5-декабрь күнү үй камагына чыккан.