Бишкекте аёосуз сабалган 60 жаштагы Каныбек Ботоканов аны сабаганга шектелип жаткан Мирмухамбет Ишембековго эки апта мурун тосмо арыз жазып берген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучунун кызы Жанна Ботоканова билдирди.
"Атамды сабаган баланын апасы үйгө келип, кечирим сурап кетип жаткан. Акыры атам шектүү баланын кичинекей кызына карап, тосмо арыз жазып берди. Андан соң издөөдө жүргөн бала өзү үйгө келип, кечирим сурап кетти. Атам ага экинчи мындай жоруктарды кылбоону айтып, жакшы эле түшүндүрдүм дейт. Атам баарынан дагы ал баланын кичинекей кызын аяды окшойт. Азыр атам жумушка барып, келип иштеп жатат. Ден соолугу да калыбына келип калды", - деди Ботоканова.
30-октябрда Бишкекте үйлөрдүн короосун кайтарган 60 жаштагы Каныбек Ботокановду белгисиз жарандар аёосуз сабаган видео тараган. Ленин РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен каттаган. Ботоканов Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып чыкты. Ал эми Бишкек ШИИББи Мирмухамбет Ишембековго издөө жарыяланган.