Ошто мал уурулукка шектелип ага-ини кармалды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун аймагында мал уурулук кылып жүрүшкөн ага-ини кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-декабрь күнү Кара-Кулжа РИИБине жаран арыз менен кайрылган. Арызда ал жайытта жайылып жүргөн жылкысын уурдатканын жазган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылынын жашоочулары, бир туугандар 1991-жылы туулган К.уулу Ж. жана иниси 1997-жылы туулган К. уулу Б. кармалган. Ага инилер ушундай эле жол менен мындан сырткары, 6 жарандын бодо малын уурдап жүрүшкөндүгү такталды. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы тууралуу көрсөтмө беришип, уурдап алган малдын көпчүлүгүн Өзгөн районунда тааныш жаранга өткөрүп жүргөнүн айтышкан. Шектүүлөрдүн бөгөт коюу чарасы каралып, камакка алынган. Учурда бул кылмышка шектүүлөр менен бирге уурдалган малды сатууга көмөктөшкөн жарандарды кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Аталган факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
raikakyz
2019-12-10 11:38:24
Мээнет менен тиргилик жасаганды уйронсонор,бироонун малына кол салбай.Силердин уурулугунар инимдин малына жетиптир да.Акмактар.
0
take1984
2019-12-11 00:27:23
менин да эки кунайыным жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан