Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков катышкан жол кырсыгында оор жаракат алган жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан тастыктады.
"Жабырлануучу Улуттук госпиталда оор абалда жаткан. Ал кечээ, 9-декабрда каза болду", - дейт басма сөз кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
7-декабрда Бишкек-Торугарт жолунда Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков өзүнө тиешелүү Мерседес-Бенц автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, каршы келе жаткан Мерседес-Спринтер жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Натыйжада жүк ташуучу унаанын айдоочусу Кант шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан.
Андан тышкары, Максат Чойбеков аталган ооруканага кайрылып, амбулатордук түрдө дарыланып кеткен. Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши УКМКга жөнөтүлдү.