Борбор калаадагы №4 төрөт үйүндө 2-декабрда жарык дүйнөгө келген 3 эм кызга Аруузат, Аруужан жана Арууке деген ысымдар ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда SUPER.KG порталына кыздардын апасы Шаттыгүл Кайыпбердиева билдирди.
3 эм кызды жарык дүйнөгө алып келген 35 жаштагы Шаттыгүл айым учурда 6 баланын энеси экенине кубанып, жагымдуу түйшүк тартып жатканын жашырган жок.
- Алгач 6 аптасында ультра добуштуу изилдөөгө барганда дарыгер эгиз деп айткан. 10 аптасында ультра добуштуу изилдөөгө барганда 3 эм экенин билдим. Мындай жагымдуу жаңылыкты угуп толкунданып, катуу сүйүндүм. Бул тууралуу жолдошума айтсам ал күлүп, “кийинки барганда 4 эм деп айтпайбы” деп күлүп, ишенген эмес. Чынын айтсам, бул бизге күтүүсүз белек болду.
- Мындан сырткары, дагы балдарыңыз бар экенин билебиз...
- Ооба, 3 эмден сырткары 2 кызыбыз 1 уулубуз бар. Кечээ төрөт үйүнөн үйгө чыгып келдик, учурда 6 балага көнүшүп жатабыз.
- 3 эмди ай күнүнө жетпей төрөлгөнүн билебиз, буга эмне себеп болду?
- Кыздарыбыз 8 айлык болуп кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келди. Биринчи кызыбыз 2 килограмм 320 грамм, ортончусу 3 килограмм, ал эми үчүнчү кызыбыз 2 килограмм 950 грамм салмакта төрөлдү. 1 апта дарыгерлердин көзөмөлүндө болдук, абалыбыз жакшырганда үйгө чыгарылдык. 3 эмди көтөрүү да оңой эмес экен, кош бойлуу кезимде ооруканага да жатып чыккам. Бел оорусу болду, шишик басты, кыскасы кош бойлуулар туш боло турган көйгөйлөргө мен да туш болдум. Кудайга шүгүр, азыр баары жакшы.
- Жолдошуңуз кайсы тармакта эмгектенет? Күтүүсүз 6 баланын атасы болуп калганына сүйүнүп жатса керек?
- Жөнөкөй эле үй-бүлөбүз, жолдошум базарда соода кылат. Мен болсо буга чейин балдар менен үйдө болчумун. Мындан ары да бул жагымдуу түйшүк менен алектенем. Атабыз да, тууган-уругубуз да бардыгы ,албетте, сүйүнүп жатышат.