Депутаттардын алдында сүйлөп жатып ыйлап калган Дүрдана: "Депутаттарды күттүм, бирок алар келбей коюшту”

Депутаттардын алдында сүйлөп жатып ыйлап калган Дүрдана Салыкованы баарыбыз таанып калсак керек. Ал депутаттардын алдында “мектептеги укол сайган медайым окуучулардан акча алат” деп орчундуу маселени көтөрүп сөз баштаганда депутаттар күлүп жиберишкен эле. Дүрдана аларды шылдыңдап жатат деп ойлоп, ыйлап, сөзүн андан ары улай албай калган. Бул күнү депутаттар окуучулар менен бүткүл дүйнөлүк балдар күнү жана БУУнун балдар укугу боюнча конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата жолугушкан болчу. Бул видео социалдык тармактарда тарап, кыз интернет жылдызына айланды. Биз ойлогонун бетке айткан, тартынбаган Дүрдана тууралуу анын апасы жана өзү менен менен маектештик. Дүрдананын апасы Муслима Жунусова кызы мурда депутат болгусу келип жүргөнүн, окуядан кийин бул кыялынан баш тартканын айтты.

- Саламатсызбы, Муслима айым? Кызыңыз тууралуу айтып бериңизчи.

- Саламатчылык. Дүрдана 2009-жылы 3-октябрда Ошто төрөлгөн. 2-класска чейин Өзгөндүн Кара-Дыйкан айылында жалаң 5ке окуду. 3-класстан тартып Бишкектин №87 орто мектебинде окуп жатат. Азыр орто окуйт. Дүрдана 4 баламдын экинчиси. Ырдаганга, бийлегенге, комуз черткенге кызыгат. “Бийге катышкым келет, мени комузга бериңизчи” дей берет. Бирок менин ийримдерге бергенге мүмкүнчүлүгүм жетпейт. Кызым үйдөн күзгүнү карап ырдап, бийлейт. Аябай эмгекчил. Мүнөзү болсо чорт. Ар сөздү жүрөккө жакын кабыл алат. Кичинесиндеги болгон окуяларды азыр да эстей берет. Ойлогонун бетке айткан, тартынбай сүйлөгөн сапаты да бар.

- Бул окуядан кийин депутаттардан сиздерге кайрылышкан жокпу?

- 3 депутат келет деген сөз болгон. Бул тууралуу өзү бир жактан угуп келиптир. “Аларга суроом бар” деп эл өкүлдөрүн аябай күттү. Бирок депутаттар келишкен жок. Аларга кандай суроо берерин сурасам, мага айтпай жатат.

- Чоңойгондо ким болгусу келет? Сизге кыялдарын айтып береби?

- “Элге таанымал болом” деп көп айтчу. 1 жаш 2 айынан эле мен "Салыкова Дүрданамын, мени элдин баары тааныйт” деп фамилиясын кошуп айтчу. Депутат болгум келет, Ак Үйдө иштегим келет" деп да айтып жүрдү. Бирок Ак Үйгө барып келгенден кийин “депутаттар эл караган бетимди жер каратат экен. Мен депутат болбойм” деп калыптыр. “Эл караган бетимди жер каратат” деген сөздү мен колдонбойм. Кызым кайдан билип алганын билбейм. Кээде айткан сөздөрүн угуп, өзүм да таң калам. Балким, депутаттар келет деп күтүп жатса, алар келбей койгондон улам көңүлү калып, депутат болбойм деп калган чыгар. Жакында эле бизди ырчы Анжелика “Kids star” тобуна аларын айтты. Бизге кир жуучу машина белекке берерин айтып, аны үйгө жеткирип беребиз деди. Кызым аябай кубанып, “мен Анжелика айымдай болгум келет” деп жүрөт.

Андан кийин Дүрдананы кепке тарттык. Келечектен көптү үмүттөндүргөн, максаттары бийик кыз биздин суроолорго жооп берди.

- Дүрдана, кандайсың?

- Жакшы.

- Ак Үйгө кантип барып калдың?

- Балдарды коргоо борборунан бардым. Биздин мектептен Альбина, Амина деген кыздарды жана мени уялбай сүйлөйсүңөр деп тандап алып барышты.

- Сага депутаттарга минтип сүйлөйсүң деп ким үйрөттү эле?

- Эч ким үйрөткөн эмес. “Өзүңөрдү кызыктырган суроолоруңарды бергиле” дешкен. Ал маселени өзүм билчүмүн, эмнеге акча алышат деп ойлонуп жүрчүмүн.

- Эмнеге сурооңду аягына чейин айткан жоксун?

- Депутаттар күлүп жиберишпедиби. Алар мени шылдыңдашты деп ойлоп, сөзүмдү улай албай калдым.

- Депутаттар үйүңөргө келет дегенди угуп аларга суроо даярдап алып күтүптүрсүң го. Кандай суроо берет элең?

- Депутаттарды кечке күттүм. Бирок келбей коюшту. Суроомду өздөрүнө айтам.

- Сенин видеоңдун тарап кеткени сага пайдасын тийгиздиби?

- Ооба, пайдасын тийгизди. Ошонун аркасынан Анжеликанын “Kids Star” тобуна алындым. Белектерди алдым.

- Кандай белектерди алдың?

- Депутат Марлен Маматалиев планшет белекке берди, 11 миң сомго кийим алып берди.

- Депутаттарга берчү сурооңду Марлен мырзага берсең болбойт беле? Ал деле депутат да.

- Ал жакшы депутат экен да.

- Чоңойгондо ким болгуң келет?

- Анжеликадай болуп ырдап, бийлеп таанымал болгум келет. Анжелика “Kids star” тобуна алганын укканда аябай сүйүндүм. Бирок өзүм чалып чакырам деген. Күтүп жатам.

- Жаңы жыл жакындап калды. Кандай белек алгың келет?

- Үйдөгү телевизорубуз бузулуп калган. Телевизор белекке алгым келет. Анан да чоң бийлей алган куурчак, көйнөк, окуу куралдарын алгым келет.

- Буйруса, болот. Майрамың кут болсун! Кыялыңа жет!

Дүрдана чоңойгондо депутат болгусу келген
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
chake
2019-12-10 16:18:29
кыргызда жакшы макал бар; күн караган тоңуп өлөт, бай караган ачтан өлөт азыр бирөөдөн жардам сурасан экинчи куну ошону доолап келчуу заман мен айтайын дегеним эчкимден эч нерсе кутпөй эле койгула бир гана кудайдан сурасанар буйруса баары жакшы болот
+18
zhigitaly
2019-12-11 02:24:06
Каерден болсо да Анжеликанын кулагы чыгат го
+6
Jyna
2019-12-11 04:22:16
Дүрдана аты сонун экен. Өмүрлүү бол келечегиң кең болсун бактылуу бол ширин кыз.
+4
kgul
2019-12-11 10:27:04
Ушул кичинекей кызды ортого коюп жумушунарды буттуртпой эле койбойсунарбы? Баардыгы эле оздорунун очогуна кул тарткандар.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан