Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда бүгүн, 10-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйналышы болуп өттү.
Күн тартибине жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын ченемдерин колдонуунун жүрүшү тууралуу жана жаңы мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган, Соттук реформа боюнча кеңеш жана Өкмөт тарабынан жактырылган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунун жана илгерилетүүнүн жүрүшү жөнүндө маселелери сунушталды.
Мамлекет башчысы буга чейин аткарылган иштер жөнүндө кыскача айтып кетти.
Ал белгилегендей, өткөн 2 жылдын ичинде Кеңештин эки жыйналышы өттү. Анда сот системи үчүн жаңы программанын долбоору, айрым мыйзам актыларын өркүндөтүү каралды. Ошондой эле жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды колдонууга киргизүү маселеси талкууланды. Андан сырткары, ушул жылдын март айында болуп өткөн Судьялардын съездинде президент тарабынан алдыга коюлган милдеттер белгиленди.
«2018-жылдын майында менин тапшырмам менен соттук-укуктук реформага мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Бул иш-чараларды аткаруунун жүрүшүн байкап турууга, маселелерди аныктоого жана аларды оперативдүү чечүүгө мүмкүндүк берген туура кадам болду. Аталган топ мониторинг жүргүзүү үчүн өлкөнүн бардык облустарына барып келди. Жер-жерлерде жаңы мыйзамдарды колдонуу, ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүү боюнча иштерди жүргүздү. Мамлекеттик органдардын кызматкерлерине жаңы мыйзамдардын жоболору боюнча окутууларды өткөрдү», - деди Сооронбай Жээнбеков.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы 2018-жылдын октябрында жана 2019-жылдын июлунда соттук-укуктук реформага мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топ менен кеңешме өткөргөн. Алардын ишине тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышкан. Анда соттук-укуктук реформанын жүрүшүнүн негизги маселелер аныкталып, жыйынтыгында мамлекеттик органдарга кемчиликтерди жоюу боюнча кошумча тапшырмалар берилген.
Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы учурда реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри, Бузуулардын бирдиктүү реестри иштей баштаганын белгиледи. Бирдиктүү реестр Кыргыз өлкөсүндө эң чоң электрондук системдин бири. Бул систем ачык статистиканы, анын катарында адам укуктарын коргоо боюнча статистиканы көрсөтө баштады. Реестр ишке киргенден бери катталган кылмыштардын саны кескин түрдө өстү, себеби жаңы кодекстердин талабына ылайык ар бир арыз катталууга тийиш.
«Мурдагыдай кааласа каттап, кааласа жаап коё турган мүмкүндүк жок. Арызды жашырып койгон кызмат адамдарына кылмыш жоопкерчилиги каралган. Кылмыштын саны эмес, каттоонун саны жана сапаты көбөйдү деп айтсак туура болот. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү кылмыштуулуктун статистикасы - бул реалдуу статистика. Бирок азырынча бул реестрдин бир гана сотко чейинки блогу ишке киргизилип, сот жана жаза аткаруу блоктору ишке аша элек», - деп айтты мамлекет башчысы.
Мындан тышкары, реформанын алкагында айрым мамлекеттик органдарда түзүмдүк өзгөрүүлөр болду. Анын ичинде, пробация — граждандык кызмат катары Юстиция министрлигинин системге өттү. Райондордун жана шаарлардын ички иштер бөлүмдөрүндө сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарлардын кызматы түзүлдү. Ошондой эле Ички иштер министрлигинде жоруктарды алгачкы текшерүү кызматы түзүлдү.
Соттук системди мамлекеттик бюджеттен каржылоо иши жакшырды. 2018-жылы дээрлик 1 миллиард 6 миллион сом бөлүнсө, 2019-жылы 2 миллиард 154 миллион сом бөлүнгөн жана 2020-жылга 2 миллиард 193 миллион сом бөлүндү.
Мамлекеттик органдарды тиешелүү программалык системдери, аудио жана видео жазуу каражаттары менен жабдуу үчүн каражаттар бөлүндү. Жыйынтыгында соттордун жана тергөө ишинде мындай техникалык жабдуулар колдонула баштады.
Сот өндүрүшүндөгү жаңы институттун — тергөө судьясынын ишмердиги башталды. Мыйзамдарда келип чыккан карама-каршылыктарды, боштуктарды жоюу боюнча өкмөттүн алдында түзүлгөн жумушчу топ — түшкөн сунуштарды дыкат кароодо. Ага мониторинг боюнча жумушчу топ көмөк көрсөтүп жатат. Өкмөт тиешелүү мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке киргизген. Айрым мыйзам долбоорлордун пакетин өкмөт жакынкы арада парламентке киргизет.
Андан сырткары, өкмөт соттук системди өнүктүрүүнүн мамлекеттик максаттуу программасын Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген.
«Жогорку Кеңеш бул мыйзамдарга жана программага мамлекеттик көз караш менен карап, аларды өз убагында кабыл алат деп ойлойм. Жалпысынан алганда, соттук-укуктук реформа артка кайткыс мүнөзгө ээ болду. Бирок аткарылчу иштер дагы эле арбын», - деп сөзүн жыйынтыктады президент.
Соттук реформа боюнча кеңештин биринчи жыйыны 2018-жылдын 17-майында, экинчи жыйыны 2018-жылдын 27-декабрында өткөн