Төшүн кармап баратат деп талкуу болгон сүрөт. Унаанын айдоочусу ким экени аныкталды

Интернетте 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү жарыяланып, унаалардын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги талкууга алынган. Мамкаттоо кызматынан бул маалыматты четке кагып, Алмаз Мамбетов интернетке тараган сүрөттөргө өзү таң калып жатканын билдиришкен эле.

Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөттөрдүн бирине карата “Алмаз Мамбетов орун басарынын төшүн кармап жатат” деген билдирүү жазылган. Бул боюнча SUPER.KG порталына Мамкаттоонун төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева комментарий берген.

Бүгүн, 10-декабрда Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев 578 АСD номерлүү Мерседес унаасын 22 жаштагы Н.Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну айдап баратканын билдирди.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү боюнча маалымат берет. Анда оперативдүү жүргүзүлгөн иштердин негизинде, 578 АСD номерлүү ак түстөгү Мерседес унаасын ошол күнү 22 жаштагы Н.Т. аттуу жаран айдап жүргөн. Издөө иштеринде ал жаран табылып, унаа атайын унаа токтотуучу жайга киргизилген. Н.Т. ошол күнү Бишкекте өзүнүн сүйлөшкөн кызы менен унаада бара жатканын айткан. Ошондой эле ал Мамлекеттик каттоо кызматында жана прокуратурада иштебей турганын билдирген. Учурда айдоочуга бузуулар кодекси боюнча протокол толтурулуп, ал Бишкек ШИИББине жөнөтүлдү. Алдыда башка 578 номерин таккан унаалар изделип жатат.

Ал эми интернетте тарап жаткан унааны Чүй прокуратурасынын кызматкери башкарып бара жаткан деген маалымат да чындыкка дал келбейт", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Kyrgyz_bloger
2019-12-10 18:38:07
Суроттогу адам 22 жашка окшобойт чон эле адам.
+47
adiaza
2019-12-10 19:29:04
Kyrgyz_bloger,менин оюм да ошондой болуп атат 22 жаштагыга окшобойт го, бала да кыз дагы. Калп эле уят болбосун деп бироонун атын чыгарып коюшту да
+31
tachkomur
2019-12-10 18:46:35
Кармап турган жеринен айтсанарда мойнуна албайт булар качан алды еле булар
+33
aibars
2019-12-10 19:11:31
Эми бироонун жашоосуна кийлигишип эмне кереги бар. Кармаса кармасын ар бир адамдын жеке кадамыго. Укмуш бир кылмыш кылгандай чыгардынарго жанылык кылып.! Баары эле аппак периште болуп кетишет.
-2
Kyrgyz_bloger
2019-12-10 19:25:12
aibars,бул жерде проблема тош кармаганда эмес уйуно барып жатып алсын,жасалма номерде болуп жатат,карапайым эл штрафты толосо 4-5кымбат машинасы бар байлар штраф толобосо элдин жини келет да,эмнеге ушул убака чейин тапкан жок эгерде чон кылмыш кылган терорист болгондо эмне болмок таппай олтургуча качып кетмек.
+18
aibars
2019-12-10 21:21:28
Kyrgyz_bloger, Кеп жасалма номерде эмес, создун торкуну эки адамдын мамилесинде болуп жатат. Анда жазсын жасалма номер колдонуп жатышат деп. Бироолордун жеке жашоосуна аралашпай.
+2
Mister-X
2019-12-10 22:34:29
aibars,Мезгилден артта калгансын го. Жасалма номер боюнча башталды баары.
+10
daniel87
2019-12-10 20:34:55
aibars,эч тушунбойм кармасша кармашат, силер эмне анча териктинер, керек болсо тебишип деле койсо болот машинада же силер билбейт беленер????? Ал Эми жасалма учун номерди таккандарга баары закон алдында жооп бер шт керек
+3
aibars
2019-12-10 21:23:00
daniel87, Жашкылап окусан, мен адамдардын мамилерерине каршы эмесмин. Болгону жасалма номер болсо эмнеге анда жеке мамилелерин жазып жатышат!
+3
Mister-X
2019-12-10 22:38:31
aibars,Эгерде Мамбетов рулда мен болчумун десе, баарына уят болуп, абийири ачылмак.Себеби,жанындагы кыз аялы эмес.Себеби, суротто даана корунуп турат.Жеке жашоосуна эч ким кийлигишмек эмес, эгер аялдын тошун кармабаса.
+5
Store
2019-12-11 14:04:30
Mister-X, туура айтасың, бала 22 жаштагы балага окшобойт, сүрөттөгү чооң эле экен. Эптеп акча берип, бирөөнү койдуда, өзүнүн артын жаап.
+2
bond02
2019-12-10 19:23:43
Бул калп, вообще окшобойт ал бала.
+13
zevs
2019-12-10 19:24:43
Betine koyup bersen da tan albayt.betiner bet emes ele temir bolup kalyptyrda. Surotto dapdaana korunup turatko
+5
Tolkun555
2019-12-10 20:30:41
Акчага сатып алышты да.
+10
timoha81
2019-12-10 20:35:35
Акча Акча далайды алда.
+7
Arlenchik
2019-12-10 20:36:04
Бурмалап башка экен деп жашырып коюшту, даандале мам каттонун кызматкерлери болсо керек,окшошуп эле турбайбы.
+8
Abdizhapar
2019-12-10 21:26:46
Жалган айтып мен элем рулда дегенине канча алды экен ушул бала
+9
boston___
2019-12-10 21:40:57
100% калп бул ойлоп тапкан жомоктору кармасан кармадымле депкойда брат эркексинго
+10
kuluch-78
2019-12-11 09:22:52
Суротун корсоткуло ошол баланын
+7
aiba_00
2019-12-11 11:31:01
Тиги кыз деле Туйбаеванын озу го.опокшош экен го оозу томпойуп, уй булоосундо эмне болуп атат кыргын эле болуп атса керек. Боюндагы бала кимден деп.
+5
Shef87
2019-12-11 12:17:24
Окшоштурдуңар эптеп
+5
Arman7
2019-12-11 16:38:48
Оозунарга тыгыптырда акчаны керегинче корунуп эле туратго 30дан ашып калганы
+2
didu
2019-12-11 18:14:36
жебеген самсыга пул толойт дейсинерби
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан