Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сот аткаруучу кызматтык бөлүмдүн жетекчисин салык кызматынын инспектору эки жолу бычак менен сайып жиберген. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-декабрь күнү саат 16:25 чамасында Ак-Талаа РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Баетов айылынын тургуну телефон чалып, Ак-Талаа райондук сотунун имаратынын ичинде эки адам мушташып жатканын кабарлаган. Аталган факты боюнча Ак-Талаа РИИБинин ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барышкан.
"Ак-Талаа райондук соттук аткаруучу кызматтык бөлүмүнүн жетекчиси 5-декабрь күнү алимент өндүрүү боюнча райондук салык кызматынын башкы инспекторуна кат жөнөткөн. Жиберилген кат боюнча инспектор сот аткаруучу бөлүмдүн жетекчисине жолугууга келип, өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Мындан улам инспектор унаасынан ашкана бычагын алып чыгып, сот аткаруучу бөлүмдүн жетекчисинин оң бутуна эки жолу сайып жиберген. Жабыр тарткан адам Ак-Талаа райондук ооруканасынынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп билдирет басма сөз кызматынан.