Баткен облусунун Сүлүктү шаарында Парча-Тоо тилкесинде жайгашкан шахтадан газ чыгып, анда иштеген 4 кызматкер газга ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 10-декабрда болгон.
"Жеринде 6 куткаруучу тартылып, алар каза болгон жарандарды шахтадан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен", - деди басма сөз кызматкери.
Маалымат толукталат.