Бүгүн, 11-декабрда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын башчысы Адахан Мадумаров партиянын кеңсесинде журналисттерге маалымат жыйын берип жатат.
"Акыркы окуяларга байланыштуу мага көптөгөн суроолор келип түшүүдө. Мадумаров жок болуп кетти деген сөздөр айтылып жатат. Бирок андай эмес, тирүү жан болгондон кийин ооруйт экенбиз. Бир аз сыркоолоп калдым. Бүгүн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен ачык айрым сүйлөшүүнү чечтим", - деди Мадумаров.