Пакистандын Белуджистан аймагындагы төрөтканалардын биринде иштеген медайым жаңы төрөлгөн эгиз ымыркайлардын бирин уурдап, төрөй албай жүргөн таежесине берген. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, төрөттөн кийин эгиз төрөгөн энеге бир ымыркайын гана берип, ооруканадан чыгарып жиберишкен. Качан гана эне эсине келгенде эгиздин бир түгөйүн ооруканадан бербей койгондугун түшүнүп, укук коргоо органдарына кайрылган.
Тергөө иштеринин алкагында, медайым 17 жылдан бери балалуу боло албай жүргөн таежесине эгиз ымыркайдын бирин уурдап бергендигин айткан. Кылмышка аны менен чогуу иштеген эки кызматкер да катышкан. Полиция кызматкерлери медайымды жана анын таежесин, ошондой эле кылмышка жардамдашкан эки кызматкерди колго түшүрүшкөн. Ал эми уурдалган наристе өз энесине кайтарылып берилген.