Депутат: "Интернетте эшектин эти сатылып жатат деген маалымат тарады. Бул боюнча Ветеринардык инспекциясы эч нерсе деп жооп берген жок"

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишин сындады.

"Өкмөт тараптан азык-түлүк коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүү боюнча буйрук чыккан. Буйрукта аталган инспекцияга эт азыктарына, мал союучу жайларды көзөмөлгө алуу боюнча тапшырма берилген. Андан тышкары, Ош шаардык кеңешинин депутаттары да бул маселени карап, мэрияга тапшырма берген. Ош шаарынын мэриясы комиссия түзүп, талапка жооп берген мал союучу жайларды жабуу боюнча буйрук чыгарышкан. Бирок инспекция жакшы текшерүү жүргүзбөй, жабылган жайлар кайра иштеп жатыптыр. Биз биринчи кезекте азык-түлүктү карашыбыз керек. Эмне үчүн инспекция өкмөттүн буйругун аткарбайт? Интернетте эшектер союлуп сатылып жатат деген маалымат чыгып жатат. Бул боюнча инспекция эч нерсе деп жооп бербейт. Эшектердин эти сатылган жок деген жооптор жок. Тийиштүү комитетке тапшырма берип, инспекциянын ишин карап чыгуу зарыл", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
asad9
2019-12-12 10:11:00
Бир саясатчы учун митингке чыгасыңар. Өзуңөр эшектин этин жеп жатып да унчукпайсыңар. Активисттер
+4
Alimbek1000
2019-12-12 11:16:05
Койгула кайдагы нерселерди айта бербегиле
0
Jaznura
2019-12-12 11:16:25
Эшек кайрадан хайп болуп жатабы? Же шайлоо алдындагы оюнбу?
+2
chake
2019-12-12 11:18:54
эски видеолорду чыгарып элди азгырып жатасынар [moderated]дан подписчик көбөйтөбүз деп бул вилеолор 2014 жылы тартылган
-2
Absamat-90
2019-12-12 11:33:34
Эшектин чучугу менен жылкынын чучугу айырмаланып эле турат.Ал сурот тээ 2015-жылкы сурот турбайбы.
-2
Aimani
2019-12-12 12:27:18
Базардан эт сатып албай калдык го. Мал союп, бөлүп саткандардан алып атабыз. Өз көзүбүз менен көрүп. Ишенчиликтуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан