Чет өлкөдө иштөө үчүн жаштар эмне үчүн Түркияны тандашат? "Рамай саякат" туристтик агенттигинин негиздөөчүлөрү "биз аркылуу Түркияга барган мекендештердин жумуш орду алдын ала даяр болот"

"Супер-Медиа" маалымат жыйын залында "Рамай Саякат" агенттигинин негиздөөчүлөрү Бейшенбек Аскаров, Миргүл Көчөрбаева жана агенттик аркылуу Түркияга барып иштеп келген мекендештер агенттиктин артыкчылыктары тууралуу айтышууда.

Алгач агенттиктин жетекчиси Бейшенбек Аскаров сөзгө чыгып, агенттик тууралуу маалымат берип кетти. "Биздин легалдуу түрдө иштеп келатканыбызга 5-6 жыл болуп калды. Биз Түркияга легалдуу түрдө жумушка орноштуруу боюнча алектенебиз", - деди ал.

Агенттиктин негиздөөчүсү Миргүл Көчөрбаева "Рамай Саякат" агенттигин 2015-жылы ачканбыз. Ошондон бери Түркияга кыргыз жарандарын ийгиликтүү жумушка орноштуруп келебиз. Анталья шаарынын мейманканаларына жөнөтөбүз. Кыргыз жарандарынын мүмкүнчүлүгүнө жараша ар кандай жумуш орун менен камсыз кылабыз. 18 жаштан 50 жашка чейинки жарандарды кабыл алабыз. Ал жакта 8 саат иштеп, 1 күн эс алышат. Минималдуу айлыгы 400 доллар. Андан сырткары, "чаевые", кошумча бонустар болот. Мейманканада иштегендердин жатаканасы, 3 маал тамак-ашы бекер болот. Бул акча 100 пайыз чөнтөккө түшөт дегендик", - дейт.

Наристе Рамисова "түрк тилин билбей 5 жылдыздуу мейманканага жумушка баргам. 8 саат иштеп, жумасына 1 күн эс алчубуз. Өзүм үчүн жакшы тажрыйба алып келдим", - дейт.

Саида Шамарнова 4 жылдан бери Түркияга барып иштеп келгенин жана бош убакытта кооз шаарларды көрүп, соода кылып, эс алууга да убакыт табыларын айтат.

Ал эми Өмүрбек Мелисбеков 3 жылдан бери иштеп келерин жана ал жакта шарт жакшылыгын баса белгилеп өттү. "Жумуштан сырткары ойноо үчүн теннис, футбол ойноочу жайлар каралган. Ал жактан көп нерсени өздөштүрдүм, түрк тилин үйрөндүм", - дейт.

Жыйынтык сөздө агенттиктин негиздөөчүсү Бейшенбек Аскаров "бизге барганда жумушка орношомбу, көчөдө калбаймынбы?" деп көп сүрөшөт. "Чет жакка барып иштей турган мекендештер атайын уруксат кагазы бар агенттиктер аркылуу барышса, көчөдө калышпайт", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан