Бишкекте өзү менен чогуу жашаган адамга карата бычак шилтеген деген шек менен 24 жаштагы кыз киши кармалды. Шектүү делинген жаран чогуу жашаган адам менен уруша кетип, бычак шилтегенин Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Кырсык тууралуу маалымат Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө 10-декабрда саат 13:50 чамасында Улуттук госпиталдан түшкөн. Маалыматка ылайык, Т.А. аттуу эркек кишинин терисинин үстү кесилген.
"Улуттук госпиталга ыкчам тергөө тобу барып, жабырлануучуга аны менен чогуу жашаган А.Ж. бычак шилтегенин аныкташкан. Алардын ортосундагы пикир келишпестик бычак шилтөө менен аяктаганы белгилүү болгон.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Издөө иштеринин алкагында милиция кызматкерлери шектүү делинген 1995-жылы туулган А.Ж`ны кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди", - деп билдирет маалымат кызматынан.