ЖМКларга түшкөн даттанууларды териштирүү боюнча комиссиясы Искендер Матраимовдун арызын кабыл алуудан баш тартты

Бүгүн, 12-декабрда Жалпыга маалымдоо каражаттарына түшкөн даттанууларды териштирүү боюнча комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун "Азаттыкка" карата жазган арызы боюнча чечим чыгарып, анда кайрылууну кароодон баш тартуу бүтүмүн кабыл алышты. Бул тууралуу аталган комиссия маалымат таратты.

Буга чейин 3-октябрда жогорудагы комиссия Матраимовдон "Азаттыкка" карата арыз түшкөнүн маалымдаган эле.

Комиссия өз жыйынында депутат төмөндөгү жагдайларды суранып кайрылганын карап чыккан: журналист Ыдырыс Исаковдун Матраимовдордун үй-бүлөсүнө жакын адам менен сүйлөшүүсүнүн аудио жаздыруусунун аныктыгын текшерүү; көз карандысыз ЖМКнын штаттагы кызматкери бейформал сүйлөшүүгө баруусун териштирүү; "Азаттыкта" жарыяланган 8 жаңылыкка баа берүү. Мындан тышкары, арыз менен кайрылган адам комиссия мүчөсү Динара Ошурахуновага ишенбей турганын билдирген. Ал буга чейин сөз болгон макалалар боюнча өз пикирин билдиргени үчүн калыс баа бере албашы мүмкүн деп айтылган. Комиссиянын дагы бир мүчөсү Санжар Эралиев "Азаттыкта" иштегени үчүн кызыкчылыктар кагылышпасын деп арызды кароого катышкан эмес.

Комиссия Матраимовдун кайрылуусун териштирип, төмөндөгүдөй жыйынтыкка келген. "3-октябрда Искендер Матраимов комиссияга карата кайрылуусунда конкреттүү себепти (фраза, сүйлөм, сөз жана башка) көрсөткөн жок. Ошондуктан комиссия кайрылууну кароого негиз жок деген чечимге келди. Ал эми 21-октябрдагы арызы боюнча "кайрылуунун текстинен кайсы маалымат даттануучунун кадыр-баркына шек келтиргенин аныктоо мүмкүн болгон жок, комиссиянын компетенциясына кимдир бирөөнүн сүйлөшүүсүнүн аудио жаздыруусун аныктыгын текшерүү кирбейт, арыздануучунун комиссия адилетсиз жана бир беткей болушу мүмкүн деген оюнан улам, даттанууну карап чыгуу мүмкүн болгон жок" деген чечимге келди. ЖМКларга түшкөн даттанууларды териштирүү боюнча комиссиясы Искендер Матраимовдун кайрылуусун кароодон баш тартууну чечти", - деп жазылат комиссия тараткан маалыматта.

Маалымат үчүн: ЖМКларга түшкөн даттанууларды териштирүү боюнча комиссиясы - бул журналисттердин өзүн-өзү көзөмөлдөп турган орган. Ал Кыргыз өлкөсүнүн ЖМКларында жарыяланган материалдардын журналистиканын этикалык нормасына ылайыктуулугу боюнча окурмандардан түшкөн даттанууларды карайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан