Сооронбай Жээнбеков Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед Бин Заед Аль Нахаян менен расмий жолугушту

Бүгүн, 12-декабрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед Бин Заед Аль Нахаян менен расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда жолугушуу Абу-Даби шаарындагы «Каср Аль Ватан» ак сарайында өткөнү маалымдалды.

"Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына кечээ, 11-декабрда Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен келген. Эки тарап кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүп, Жээнбеков жана мураскер ханзаада Мухаммед бин Заед Аль Нахайян эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан