Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектүү канча адам тергөө менен кызматташуу тууралуу келишим түзгөнүн сурады.
Ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов бүгүнкү күндө 4 адам тергөө менен кызматташуу тууралуу келишим түзгөнүн билдирди. Алар кимдер экенин тергөө кызыкчылыгына байланыштуу айта албай тургандыгын белгиледи.
Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы каралып жатат.
29-августта Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов комиссиянын төрагасынын орун басары болгон. Ал эми комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кирген.