Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Канат Исаев АКШ же Германияда Кой-Таштагыдай окуя болсо, мамлекет кандай чараларды колдонот эле деп сурады.
"Артур Капарович (ред. УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков), бизди демократияга үйрөткөн АКШ же Германияда ушинтип бирөө чыгып, айылын топтоп, таш төгүп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин атып, расмий чакырууларга барбай жатса, мамлекет кандай чара көрөт эле?", - деп сурады депутат.
Артур Медетбеков: "Сиз айтып кеткен мамлекеттердин бардыгында чуулгандуу окуя чыгарабыз дегенде эле алар катуу чараларды колдонуп коймок. Аларда ушундай окуя болгондо мыйзамдуулукту сакташ үчүн, эл үчүн бардык чараларды колдонмок", - деди.
Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы каралып жатат.