Депутат Самаев "Курсан Асанов Атамбаевдин үйүнөн алып чыгып кетти" делген кызыл баштыкта эмне бар экенин сурады

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Урматбек Самаев "Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыгып кетти" делген кызыл баштыкта эмне бар экенин сурады.

"Чуу жараткан кызыл баштыкты таптыңыздарбы, анын ичинде эмне бар экенин аныктадыңарбы?", - деп сурады депутат.

Аскер прокурору Нуркамал Набиев кызыл баштык табылганын айтты. "Кызыл баштыкта Атамбаевге тиешелүү документтер жана башка буюмдар болгон. Тергөөнүн сырына байланыштуу башка маалымат айта албайбыз", - дейт Набиев.

Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан