Өкмөт башчы билим берүү системи рыноктун талаптарына жөндөмдүү болуш керектигин айтты

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билим берүү системи рыноктун талаптарына жөндөмдүү болуш керектигин айтты. Бул тууралуу ал билим берүү системин комплекстүү талкуулоо жана аны өнүктүрүүгө сунуштарды даярдоо боюнча эксперттик топтун биринчи жыйынында билдирди.

"Буга чейин билим берүү системи экономикага байланыштырбай өзүнчө каралганы кемчилигибиз болду. Көпчүлүк студенттер диплом алгандан кийин жумуш таба албайт. Ошондуктан билим берүү системинин экономика менен байланыштырып кароо керек. Бул жерде алган билимдин сапаты дагы маанилүү ролду ойнойт. Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу мезгил талабы. Мисал үчүн, жалпы республикалык тестирлөө боюнча орточо көрсөткүч көп жылдан бери өзгөрө элек жана жогорулай элек. Муну менен биз кечиктирбестен чече турган маселелер көтөрүлүүдө", - деди премьер-министр.

Өкмөт башчы мектептеги билим берүүнүн деңгээли окутуучулук курамга байланыштуу болорун белгиледи.

"Быйыл 120 миң мугалимдин эмгек акысы жогорулады. Республикалык жана эл аралык олимпиадаларда байгелүү орун алган окуучулар менен мугалимдерге сыйлык берилет. Мындан тышкары, салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулган жеке менчик жалпы жана мектепке чейин билим бере турган мекемелердин саны көбөйүүдө", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан