Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Азаттык», «Клооп» жана «24.kg» медиаресурстарына тиешелүү банк эсептеринин камакка алынганына байланыштуу билдирүү таратты.
"Президент Сооронбай Жээнбековдун сөз эркиндигин коргоо принциптерин карманып, күчтүү жарандык коомдун болушун колдогону белгилүү.
Мамлекет башчысы бул тууралуу эл алдына чыгып сүйлөгөндө да, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушканда да, өлкөнүн жана чет элдик ММКга берген маектеринде да баса белгилеп келет. Кыргыз Республикасынын президенти дал ушул жагдайлар өлкөнү өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт деген көз карашынан кайтпайт.
Мамлекет башчысы азыркы абалга кандай гана реакция кылбасын, коомчулук тараптан сот иштерине жана соттун чечимине басым жасоо аракети катары кабыл алынышы мүмкүн. Бардык соттук териштирүүлөр, анын ичинде медиага карата дагы — укуктук гана талаада жүргүзүлүшү керек.
Ошого карабастан, бул факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин карманып келген Кыргыз Республикасынын президентинин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн аброюна шек келтирээрин так кесе билдиребиз", - деп жазылат билдирүүдө.
Кечээ, 13-декабрь күнү Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов "Азаттык", “Kloop” жана "24.kg" сайтын сотко бергени жана сот тарабынан жогорудагы сайттарга караштуу банк эсептерин камакка алуу чечимин чыгарганы маалым болгон.