Матраимовдордун жактоочусу: "Сабырдын да аягы болот"

Бүгүн, 13-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жактоочусу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрүүдө. Жактоочу Татьяна Карыжинская маалымат жыйын өткөрүүнүн максатын түшүндүрүп, айрым ЖМКлар Матраимовду коррупциянын символу катары көрсөтүп жатышат, бул туура эмес деп билдирди.

"Бардык эле учурда сабырдын аягы болот. Арты артынан чагылдырылган иликтөөлөр чыгып кетти. Коомчулукка Матраимовдорду коррупциянын символу катары көрсөтүп жатышат. Мунун баары алардын ишмердүүлүктөгү аброюна шек келтирүүдө",- деди жактоочу.

Буга катар эле журналисттер буга чейин Матраимовдор өздөрүнүн аброюн коргоо үчүн доо койгон акча каражатынын суммасы тууралуу сурашты.

"Сиздин оюңузча маалымат каражаттарына ушундай суммадагы доону койгон туурабы?" - дешти журналисттер.

Жактоочу: "Бул сумма туурабы, туура эмеспи сот чечет. Негизи доо ал адамга келтирилген моралдык зыяндан улам келип чыгат", - деди.

Матраимовдун жактоочусу: "Сабырдын дагы аягы болот"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан