Бүгүн, 13-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жактоочусу Татьяна Карыжинская маалымат жыйын өткөрдү. Журналисттер жана укук коргоочулар удаа-удаа бир топ суроолорду узатышты.
"Журналисттердин иликтөөсүнөн кийин Матраимовдорго кандай моралдык зыян келтирилди?" - дешти массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү. Буга жактоочу: "моралдык зыян тартканын силерге кантип сүрөттөп берем? Банкага көз жашын топтоп алып келип көрсөтөмбү?" - деген жообун узатты.
Андан соң журналисттер Матраимовдун Дубайдагы мүлкү тууралуу суроо беришип, мунун анык-анык эместигин тактоону сурашты.
"Баары сотто айтылат", - деди жактоочу. Журналисттер жана укук коргоочулар бир катар ыңгайсыз суроолорду узатышып, бирок "баары сотто айтылат" деген жоопту угушту.