Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип жаткан жаранга Биринчи Май райондук соту издөө салды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-август күнү саат 20:55 чамасында Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Краснознаменная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде белгисиз жарандын жансыз денеси жатканы боюнча айтылган.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, маркум киши колдуу болуп каза болгонун аныкташкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Маркумдун өлүмүнө шектелип, 39 жаштагы Абдысариев Улан Жумабекович изделүүдө. Ал Кемин районунда төрөлгөн. Учурда шектүүнү издөө иш-чаралары жүрүүдө. Милиция кызматкерлери шектүү боюнча кимде маалымат болсо, байланышка чыгууну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0708 080-808, 0703 932-092, 0555 102-898 жана 102.