"Жылдын супер клиби - 2019" наамына "Эне жөнүндө баллада" клиби менен Гүлжигит Калыков ээ болду

Бүгүн, 14-декабрда Бишкек шаарындагы "Бишкек Парк" соода борборунда "Супер-Инфо" жана SUPER.KG порталы уюштурган, колдонуучулардын добушу аркылуу жеңишке жеткен "Жылдын суперлерин" сыйлоо аземи өтүүдө.

Добушка маданият жана шоу-бизнес тармагында бул жыл ичинде тыным албай иштеп, тер төгүп эмгектенген ырчы, актриса, вайнер, режиссёрлор коюлган.

“Жылдын супер клиби”Гүлжигит Калыков “Эне жөнүндө баллада” клиби татыктуу болгону жарыяланды. Сыйлыкты Сүйүн Откеев тапшырды. Ырчы мырза SUPER.KG порталына берген маегинде жашоодон алынган окуялар жүрөккө жете тургандыгын белгилеп өттү.

"Супер-Инфо гезитине жана SUPER.KG сайтына чоң ыраазычылык билдирем. Мен үчүн дагы жетишкендик. Быйыл мыкты клип номинациясын экинчи жолу алып жатам. Эки клипте тең жашоодо алынган сюжет көрсөтүлгөн. Жашоодон алынган окуялар жүрөктөн жүрөккө жетет окшойт. Рахмат", - деди ырчы мырза.

"Супер тандоо-2019": Нурлан Насип, Асел Кадырбекова, Манас Ниязов... Жылдын суперлери аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslonur
2019-12-14 19:14:05
Кайсыл клибине алды
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан