"Мунун баары саясий заказ". Саясатчы Равшан Жээнбеков эки айга камакка алынды

Саясатчы Равшан Жээнбеков эки айга камакка алдынды. Анын баш коргоо чарасы бүгүн, 14-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралды.

Сот аны 9-февралга чейин тергөө абагында камакта калтыруу чечимин чыгарды. Жактоочу Замир Жоошев соттун чечимине нааразы. Анын айтымында, Равшан Жээнбеков тергөө менен тыгыз иштешип келген. Буга чейин август айында эле ал күбө катары суракка алынган.

"Жээнбековду августта эле суракка алышкан. Аны качып кетет дешип камакка алуу чечимин чыгарышты. Кача турган киши ошондон бери деле качмак да. Эч бир негизсиз кармалып, камакка алынды", - деди Жоошев.

Ошондой эле ал Жээнбековго коюлуп жаткан айыптарды айтты.

"Саясатчыга 3 берене менен айып тагылууда. Кой-Таш окуясында спецназдарды барымтага алууну уюштурган, массалык баш аламандык уюштурууга катышкан жана бийликти күч менен басып алууга далалат жасаган деп күнөөлөнүп жатат. Бирок мунун бирине да далил жок", - деди Жоошев.

Ал эми экс-депутат Равшан Жээнбеков өзү соттун имаратынан конвойдун коштоосунда алынып чыгып бара жатканда "Мунун баары саясий заказ! Бийликтин айтканы менен болуп атат!" деди. Саясатчынын кыздары ал отурган унаанын артынан "аталап" чуркаган бойдон калышты.

Равшан Жээнбеков эки айга камакка алынды
Адвокат Замир Жоошев: "Коюлган айыпта Равшан Жээнбековдун кылмышка барганы тууралуу маалымат жок"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
chake
2019-12-15 09:47:18
бул давно камалыш керек болчуу
+10
Kairat1996
2019-12-15 12:14:27
chake,
Азыркы Сооронбай Жээнбеков кетиш керек же озу кошо камалсын Коррупция менен курошпой эле, Сокенин кемчилигин айткандар жалган жалаа менен отургузуп жатат. Элибиз Сокенин жургузуп жаткан эки жуздуу саясаты менен копко узабайбыз. Сооронбай кетсин. Кетсин. Элдин Сокенин короюн деген козу жок.
-9
yrmat88
2019-12-15 12:44:14
Kairat1996
Сокенин 3% элдин колдоосу азыр такыыр эле 0% болуп калайын деп калды. Сооронбай эч нерсени озгорто алган жок. Озунун бийлигин коргоо менен гана алектенип журот. Кетсин.
-4
TalaCSKA
2019-12-15 09:57:01
Соке по любому убактысынан эрте кызматтан кетет ошондо коробуз Кыргызстандан качабы же азыр кылып жаткан беспределине мурунку бийликтегилерге окшоп эркекче жооп береби.менин ойумча артын карабай качат Бакиевттерге окшоп.
-11
altyn-kumush
2019-12-15 10:09:27
Равшан Жээнбеков кайсы жерде митинг жана тополоң болуп жатса ошол жерге барып мурдун тыга койчу эле. Өзүнөн көрсүн эми камакта жата берсин.
+12
Dembele84
2019-12-15 10:48:34
Правильное решение
+10
yrmat88
2019-12-15 12:50:05
Соке озунун беспредел ишине жооп бериш керек. Кетсин Сооронбай Жээнбеков. Сооронбай таза киши эмес.
-9
asad9
2019-12-15 13:30:59
Американые шпиону муну эчак эле камаш керек болчу чыккынчыны. Сокенин ушул кылган иши туура болду
+8
bbek
2019-12-15 17:23:31
elebes86 сен антип жалпы кыргыз элинин атынан суйлобо ар кимдин оз ою бар менин оюмча 80%эл Жеенбековдун саясатын колдойт а калган 20%бийлике таарынгандар
+2
Store
2019-12-15 18:55:25
Муну вечный камап салсада болот, же америкасына сүргүн кылыш керек.
+4
Samatalibei
2019-12-15 19:26:59
Соттордун ушул чечими туура чечим болду. Ушул адам камалыш керек эле.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан