Олимпиада чемпиону Алина Загитова спорттук карьерасын токтотуп жатканын билдирди. Бул тууралуу өзү журналисттерге маек берип жатып жар салды. Ал бул сезондогу Орусия чемпиондугу, Европа чемпиондугу жана Дүйнө чемпиондугуна катышпай турганын айтты. Анын машыктыруучусу Этери Тутберидзенин айтымында, шакирти мындан бир жарым жыл мурун эле спортто тыныгуу алгысы келип жаткан.
Муз үстүндөгү бийчи мындай чечимине эмне себеп болгонун айтпаса да, жарыштарга карата тырышчаактыгы жок болуп жатканын жашырган жок. "Азыр жашоомдо баардыгы бар. Негизи бир нерсе жетишпей тургандай болуш керек. Ошондой абалга кайткым келет" деген Загитова. Машыктыруучусу да ушундай эле ойду улаган.
2018-жылы Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында Алина Загитова алтын медаль утуп алган. 2019-жылы Япониянын Сайтама шаарында өткөн муз үстүндө бийлөө боюнча Дүйнө чемпиондугун да Загитова жеңип алган. 2019-жылдын 7-декабрына карата Коньки тебүүчүлөр эл аралык союзу чыгарып турган рейтингге ылайык, Алина Загитова 1-орунда турат.
Дүйнөлүк муз үстүндө бийлөөдөгү бардык титулдарды алган биринчи орусиялык спортчу, бардык башкы стартты жеңген эң жаш бийчи Алина Загитова 17 жашта.