14-декабрда "Супер-Инфо" гезити, SUPER.KG cайты жана SUPER TV каналы уюштурган "Супер тандоо-2019" концерти күтүлбөгөн көп кызыктар менен коштолду.
Анда добуш берүү аркылуу алдыга чыккан маданият, шоу-бизнес, спорт, тасма тармактарында эмгектенген инсандарга наамдары ыйгарылды. Мындан тышкары, анда сюрприз наамдар болду. Анын бири "Заманыбыздын супер ырчысы" наамы. Бул сыйлык бир нече популярдуу ырларды аткарып, шоу дүйнөсүндө өз ордун таап гана тим болбостон, алдыңкы саптагы позицияны бербей келе жаткан ырчы Нурлан Насипке тапшырылды.
Өз кезинде ырчы мындай сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, ар бир алган сыйлыктар андан ары дагы үзүрлүү иштөөгө дем берерин билдирди.
"Бул наамды алып, бетим ысып чыкты. Төрт жыл катары менен "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамын алдым. Ошондо ушундай наам алам го деп ойлогом. Бүгүн ошол наам берилип отурат, карызга алдым деп эсептейм, актоо үчүн дагы көп эмгек жаратам", - деди ал.
Наамды "Супер-Инфо" гезитинин директору Шайиста Шатманова жана SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова тапшырышты.
Бул жылдын жыйынтыгы менен “Жылдын супер ремейки” наамына да Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын аткаруусундагы “Ырдалып бүтпөйт махабат” ыры татыктуу болгон.