"Биз жөн эле ырдаганы чакырылганбыз деп ойлоп келгенбиз. Бирок күтүүсүз жерден сыйлык алып кубанып отурабыз", - дешти Музаман тобунун ырчылары 14-декабрда өткөн "Супер тандоо-2019" концертинде. Бул салтанат "Супер-Инфо" гезити, SUPER.KG сайты жана SUPER TV каналынын уюштуруусунда өттү.
Сыйлык тапшыруу аземинде сюрприз наамдар да болду. Ал наамдардын бири - "Жылдын супер тобу". Мындай сыйлыкка 3 солисттен турган "Музаман" тобу татыды. Сыйлыкты “Супер ТВ” компаниясынын директору Гүлзат Мамытканова тапшырды.
"Биз концертке келген конокторго ырдап берели деп келгенбиз. Бизди чакыруудагы максат ошондой деп эле ойлогонбуз. Чынында сюрприз болду. Күтүлбөгөн жерден сыйлыкка татып, аябай кубанып турабыз. Баалагандарга рахмат, алдыда дагы көп максаттар бар", - дешти "Музамандын" ырчылары.
"Супер тандоо-2019" сыйлык тапшыруу аземинде дагы кимдерге кандай наамдар ыйгарылганын бул шилтемеден окуңуз.