Белгилүү режиссёр Болот Шамшиев реанимацияда. Учурда абалы оор

Атактуу кинорежиссёр Болот Шамшиев реанимацияда, учурда абалы оор. Бул маалыматты анын кесиптеши тастыктады.

Маалыматка ылайык, режиссёр 3 жума мурун Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана президенттик башкармалыгынын клиникалык ооруканасына түшкөн. "Эки-үч күн болуп калды, абалы оор деп жатышат. Жанына эч кимди киргизбегенине байланыштуу көрө албай жатабыз", - дейт кесиптеши.

Эске салсак, Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында төрөлгөн. "Караш-караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Асма көпүрө", "Ак кеме", "Бөрү зындан" жана башка тасмаларды тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jaznura
2019-12-16 17:49:41
Ден-соолук. Айыгып кетиңиз.
+8
rysik79
2019-12-16 18:24:56
Айыгып кетисин.
+2
Azat.1996
2019-12-16 18:42:14
Өмүрү узун болсун. Эми эле араң 79 жашта экен. Мына, Кыргыздын накта Элитасы, легендага айланган инсан.
+8
Jasi.jasi
2019-12-16 19:25:46
Ушундай улуу инсандар менен убагында жакшы бир эсте калган маек кылып турсанар болот эле.Качан ооруп же кайтыш болгондо гана эске алып каласынар.Кайдагы бир инстаграмдын жылдыз болумуштарын унутпай бат баттан пияр кылып турасынар.Силер унутсанар биз унутпайбыз!!Ылайым Аллах шыпаасын берип айыгып кетсин.Бактылуу карылыкты сурунуз!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан