Эртең, 17-декабрда Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси кызматына талапкерлигин карайт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Октябрь айында Бекназаров ага элчилик кызматка сунуштар түшүп жатканын, бирок чечим чыгара электигин айткан болчу. Саясатчы Азимбек Бекназаров президент ага Түркияга, Азербайжанга, Малайзияга элчи болуп барууну сунуш кылганын белгилеген.
Эске салсак, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси болуп турган Кылычбек Султан Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесине каршылык иретинде отставкага кетүү тууралуу арызын жазган.