Ырчы Азат Болотбек тоюн чет өлкөдө өткөрдү. Ал эмне үчүн мекенинде үйлөнбөгөнүн айтты

Ырчы Азат Болотбек үйлөндү. Бул тууралуу ырчы мырза социалдык баракчасына жазып чыкты.

"Мен үйлөндүм. Мен Кыргыз өлкөсүндө үйлөнгөн жокмун. Себеби бизде көпчүлүк тойлор жаштар үчүн эмес, алар таанып-тааныбаган коноктор үчүн өтөт. Айрымдар той өткөн күнүн коркунучтуу түштөй эстешет. Шаблонго түшүп калган тойлор баарын тажатты. Шаблондуу кортеж, мас же түшүнүксүз конок, шаблондуу видеолор, улуттук кийимчен эки жашты "Жар-жар" ыры менен алып кирген айым, суз, узун каалоо-тилектерди түшүнүп, угуп жаткандай болгон эки жаш, тамада, ресторанда ары-бери чуркаган жаш балдар, сынактар, торт, анан да сөзсүз түрдө "пакет операциясы". Коноктор курсагы ток үйүнө барышат. Ал эми туугандар конвертти ачып, ресторандын эсебин жабабы деген үмүттө болушат. Мен мындай нерсени каалаган жокмун. Эң жагымдуусу, жубайым да мындай нерсени каалаган жок. Биз оюбузду ата-энелерибизге айттык, алар бизди колдошту. Апам "шаблондуу тойду каалабасаңар, анда круиздик кемеде өткөрөлү тойду" деди. Албетте, биз кыргызга тиешелүү ырым-жырымдарды кылдык. Кемеге биз менен апаларыбыз, энебиз жана өкүл ата, өкүл энебиз келишти. Достор, чыгаша, нерв жерде калсын! Өзүңөр үчүн үйлөнгүлө! "Эл эмне дейт?" деген түшүнүк менен жашабагыла!", - деген билдирүү калтырган.

Эске салсак, Азат Болотбек "Айшитеру", "Жыргалым", "Мир любви" жана башка ырлардын аткаруучусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
bond02
2019-12-16 20:50:30
Оо бул эмне айдан тушкон адамдай суйлойт го.
-17
prorab
2019-12-16 20:54:59
Эң башкысы мусулманча нике кыйды бекен
+9
Sardarakam
2019-12-17 12:07:49
prorab, Арабкул арабкул арабтардын жугундусу арабтарды пир туткан арабкул
-8
Sultanim
2019-12-17 16:46:43
Sardarakam,арабкул эмес көк мээ! Аллахтын кулу!!! Сен кимдин кулусуң?!!
+2
Adi010891
2019-12-16 21:05:22
Бул эмне болгон бала эле, спортсменов?
-5
janym_balam
2019-12-17 13:05:41
Adi010891,ырчы дегенди биринчи Супер инфодон угуп жатам мен да.
-3
take1984
2019-12-16 21:17:20
кемеге тушту эмне болду той кылса эл бата берип кетет эле
-10
Store
2019-12-17 17:02:52
take1984, Элдин "Тойлор боло берсин, тапканыңар тойлорго буйурсун" деп, берген батасы на оборот тойлорду көбөйтүп жатпайбы чыгаша, ысрап кылып)).
+1
aslonur
2019-12-16 21:18:58
Туура кылыпсын, бирок сени ырчы катары тааныбайт экенмин
+16
Rakyl12
2019-12-17 10:12:32
aslonur,ал ырдаганда жаш болчусунда уком).
+6
Losw
2019-12-17 13:27:53
aslonur, бул жигит ырдап жургондо, мында отургандардын кобу молокосос болчу.....
+5
elb_2121
2019-12-16 22:02:44
Ислам дини шарият боюнча уйлонсо кандай, канткенде чыгым азайтабыз ошол жонундо Аалымдарыбыз интервью алып бергилечи?
+11
gulzat85
2019-12-16 23:09:47
Соуну
+1
urmat94
2019-12-17 00:13:10
Сен тааныбасан ата энен тааныйт кочодо журуп эле тойго кирип кетишпейт да адамдар атайын чакыруу мн келет тааныбаган адамды эч ким чакырбайт да,тааныбасан да сени бактылуу болсун деп келет тойго эч ким жаман ой мн келбесе керек отоле акылдуу болуп кетипсин менден кетсе кечир бирок (бул менин жеке оюм) )))
-2
Losw
2019-12-17 13:28:53
urmat94, тааныса тааныбаса да, шаблонго айланган той отот да баягы эле, кызыксыз!!!
+5
Shef87
2019-12-17 01:20:34
Азамат
+6
Akzholtoi_Zhamashbekova
2019-12-17 04:55:11
Эң туура! 100пайыз колдойм. Эң негизгиси эки жаш тушунушуп, түбөлүгүңөр бир болсун. Бул чындыгында жакшы жаңылык!!!
+13
sherzatik
2019-12-17 06:32:36
Бул ырчыны биринчи жолу көрүп жатам.бул ишиң менен кыйраттым дебечи. Чет өлкөдө Круизде өткөрдүм дейсиң эмнеси озгочо? Көрө албастык эмес мактанганың жакпады,башка ишиң менен үлгү болсоң боло.
-9
Rakyl12
2019-12-17 10:13:18
Круизде деле арзан болбосо керек.
+1
Mister-X
2019-12-17 17:07:25
Rakyl12,Ошону айткым келген.Тойго кеткен чыгымдан эки эсе коп кетсе керек.Ресторанда той уылбай, эл чакырбай, шаблон кылбай,тойго кеткен чыгымды бей-бечарага берип койсон сооп тапмаксын.
-1
Sayragul
2019-12-17 12:27:10
Бул тойлор системалык болуп калганынын чон себеби бар го дейм. Баарыбыз кооп жылдан бери ушундай тойлор качан башталса ошондон бери тойго чыкыруу алабыз, барабыз дегендей. Биринчи тойлорго "кой уят чыкырды баралык ",- деп, анан озун той кыласын ошол элге барганды кайра топтойсун, анан келген элдикин инфляция менен которуп барып кутулуу керектиги учун барасын. Ошол учун токтобой уланып келет го дейм.
+2
Tiken
2019-12-17 15:30:46
Жакшы кылыптыр.
+2
Store
2019-12-17 17:05:35
Тойуңду реформа кылыптырсың азамат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан