16-декабрь күнү таңкы саат 05:25 чамасында Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн 20-25 жаштагы кыз кулап түшкөнү маалым болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык катталган жерге Ленин РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барган. Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн астынан 1999-жылы туулган Р.Н. табылган. 8-кабаттан кулаган кызды "Тез жардам" кызматы эс-учун жоготкон абалда Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткиришкен. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин кыздын өмүрүн сактап калуу үчүн кылган аракети ишке ашпай, Р.Н. алган жаракаттарынан эсине келбей көз жумган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган жана тиешелүү экспертизалар дайындалган.