Кыргыз министринин Сауд Арабияга хиджаб кийип барганы талкууга түштү

Кыргыз өлкөсүнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын Сауд Арабиядагы расмий сапарга хиджаб кийип барганы социалдык тармактарда талкууга түштү. Айрымдар анын мындай кийинүүсүн сынга алышса, кээ бирлер башка улуттун кийиминин ордуна кыргыздын элечегин жана көйнөгүн кийип алса болмок деген өңдүү пикирлерди жазышууда.

Сауд Арабиянын бийлиги башка өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрүнөн тийиштүү дресс-кодду көзөмөлдөөнү талап кылат.



Президент Сооронбай Жээнбеков 15-декабрда Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу боюнча расмий иш сапары менен Сауд Арабияга учуп кеткен.

Клинтон, Меркель, Обама, Трамп... Дагы кимдер Сауд Арабияга барганда хиджаб кийүүдөн баш тартышкан? Бул тууралуу макала окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.

Финансы министринин Сауд Арабиясына хиджабчан барганынын себеби айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан