Жайыл РИИБи тарабынан өзгөчө оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"18-октябрь күнү саат 21:30 чамасында Жайыл РИИБине Суусамыр өрөөнүндө эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Кылмыш болгон жерге ыкчам иликтөө кызматы келип, Суусамыр өрөөнүнүн Кожомкул айылындагы жайлоодогу бадалдын астынан кыйноо менен өлтүрүлгөн эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "киши өлтүрүү" (130) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган жана керектүү экспертизалар жүргүзүлгөн. Кийинчерээк каза болгон маркумдун аты-жөнү такталып, ал 37 жаштагы жакын аралыктагы кашарда чабан болуп иштеген К.К. экени аныкталган.
Тергөө амалдарынын жыйынтыгында, кылмышка шектелип Ысык-Көл облусунун 23 жаштагы Р.Б. аттуу тургуну кармалган. Маалыматка ылайык, маркум экөө кылмыш болгон күнү таанышып, спирттик ичимдик ичкен соң ортосунда жаңжал чыккан. Р.Б. К.К.ны сабап, колу-бутун жип менен байлап, оозуна баш кийимди тоголоктоп салып, чабандын үстүнө унаанын дөңгөлөгүн бастырып, изин жашырып кеткен. Кылмышка шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.