Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги жактырылды

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги жабык эшик артында каралды.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин депутаттары Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин колдошту. Бир гана депутат Ирина Карамушкина "каршы" деп добуш берди.

Буга чейин Бекназаров ага элчилик кызматка сунуштар түшүп жатканын, бирок чечим чыгара электигин айткан болчу. Саясатчы Азимбек Бекназаров президент ага Түркияга, Азербайжанга, Малайзияга элчи болуп барууну сунуш кылганын белгилеген.

Эске салсак, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси болуп турган Кылычбек Султан Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесине каршылык иретинде отставкага кетүү тууралуу арызын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан