Боом капчыгайында темир жолдо бара жаткан 8 вагон рельстен чыгып кетти. Балыкчы-Жел-Арык каттамы менен бара жатканда кырсык болуп, темир жол убактылуу жабылганын "Кыргыз темир жолу" ишканасы бүгүн, 18-декабрда маалымдады.
Маалыматка ылайык, учурда кырсыктын себептери такталууда жана темир жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө. Кырсыктан жапа чеккендер жана жабыркагандар жок.