Депутат Икрамов: "Быйыл Бишкекти атайын түтүн каптатып жаткандай көрүнүш болуп жатат"

Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңеште депутат Тазабек Икрамов Бишкек шаарын кара түтүн каптап жатканын айтты.

"Кечээ күндөн баштап көрүп жатасыздар, Бишкек шаарын түтүн каптады. ЖЭБде эмне жагылып жатат? Былтыр түтөбөй эле жакшы эле жашап жатканбыз. Быйыл Бишкекти атайын түтүн каптатып жаткандай көрүнүш болуп жатат. От жагуучу жумушчулар эмне жагылып жатканын билишет. Ошолорду суракка алып, эмне жагылып жатканын сурайлы. Бул нерсени көзөмөлгө алуу керек", - дейт Икрамов.

Вице-спикер Аида Исмаилова бул маселени кароо үчүн тийиштүү комитеттерге жөнөтүлө турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chake
2019-12-18 11:02:04
кандай күндө да жогору жактагылар чара көрүшүңөр керек бишкек 10 жылдан бери ушул касетасы кайталанып жатат
-2
bond02
2019-12-18 14:04:32
Оо мээсине эми жетиптир да мунун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан